Төлгө

Төлгө

Купить билет
Продолжительность: 1 саат 50 мүнөт / 1 час 50 мин
Осталось 118 билетов
7+
Возрастное ограничение

Расписание

22
сентябрь
вторник
19:00

Описание

2️⃣2️⃣-сентябрь   саат 19:00

Ж. Садыковдун “ТӨЛГӨ” спектакли тартууланат.
Аннотация: Кыргыз элинин  руханий байлыктарынын  туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпостордун бири болгон, сейрек кездешкен поэтиканын үлгүлөрүн өзүнө камтыган «Манас» көркөмдүк кубаты боюнча нечен кылымдардын, ары кайгылуу, ары оор окуяларын тулку боюна сиңирип, имандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан чагылдырып келет. “Манастын” ичинде кыргыздын философиясы, идеологиясы, нукуралуулугу, салт-санаасы, алмустактан келе жаткан мурасы камтылып, руханий баалуулуктары, этика-эстетикалык тарбиялоочу касиеттери көркөм чагылдырылган. Генеалогиялык принцип боюнча өнүккөн эпикалык чыгармалардын түрмөгү болуп саналган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч илтиги ажырагыс бир бүтүмдүктү түзөт.
            “Манастын уулу Семетей” дал ушул үч илтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Ж.Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган “Төлгө” спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашайт экени, ошол рухтан кубат алган урпактарынын кимиси гана болбосун Ата-журт үчүн бел чечпей ак кызмат кылууга даяр экени чагылдырылат. Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында  атасынын ордун басаар уул болсун деп төлгө кылат.
            Спектаклде каралуу кеткен Каныкейдин аялдык ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, оор тагдырга туш болгонуна карабай, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, уулу үчүн жан берүүдөн дагы кайра тарпастыгы, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган, кайын энеси Чыйырды менен болгон кайын-эне келиндин ортосундагы астейдил сый мамилеси баяндалат.

🎭 Ролдордо:
    •    Семетей – Өмүрбек Израилов
    •    Каныкей – Калича Сейдалиева, КРнын Эл артисти
    •    Чыйырды –Гүлайым Каниметова, КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси,
    •    Жакып – Шайымбек Кыдырмаев, КРнын Эл артисти
    •    Көбөш – Жеңиш Сманов
    •    Абыке –Камчы Сарыбаев, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси
    •    Олуя Бакай – Нуркан Турсунбаев, КРнын Эл артисти
    •    Хан Бакай – Нурлан Салидинов, КРнын Эмгек сиңирген артисти
    •    Ысмайыл – Жеңишбек Кангельдиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти
    •    Кишимжан – Махабат Асанбекова
    •    Кыргыл чал – Тилек Жумагазиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти
    •    Бакдөөлөт – Анара Сыдыгалиева, КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
    •    Тазбаймат – Аскар Качкынбаев
    •    Сарытаз – Эржан Осмонов
    •    Эшен – Адыл Болорбек уулу
    •    Эшик ага – Бактыяр Шаршенбаев
    •    Манасчы – Атакан уулу Канболот

Көпчүлүк сахнада театрдын жалпы жамааты катышат.


    •    Режиссёр: Назым Мендебаиров, КРнын Эмгек сиңирген артисти
    •    Сүрөтчүлөр: С. Ниязакунов, Ю. Нурматов
      Театрдын жетекчилиги:
    •    Көркөм жетекчи: Альбина Имашова, КРнын Эмгек сиңирген артисти
    •    Директор: Асылбек Өзүбеков, КРнын Эл артисти

Место проведения

Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова
Адрес: ул. Абдумомунова, 230