Карагул ботом
Расписание
Описание
Т.Абдумомунов “Карагул ботом”
КР эл жазуучусу, белгилүү драматург Т.Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналып коюлган анын “Карагул ботом” притчасы тээ бир байыркы жоокер заманда уруулар уруу менен чабышып, ат үстүндө эрлер өлүп, бешенеге жазылса, бешиктеги балдар өлгөн коогалаң доордо жашаган элдин турмушу, ошол доордо бир урууну жалгыз баккан Карыпбай атуу көзгө атар мергенчинин тагдыры, сүйүүсү, трагедиясы, артымдан туяк калтырам деп тарткан азабы, муң-кайгысы тууралуу баяндалат. Карыпбайдын эки уулу доодо, эки уулу жоодо өлүп кабыргасы кайышат. Канаттары кыркылып, каңгырап жалгыз калган мергенчи алтымышка таяганда Карагул аттуу уулдуу болуп, карыганда көргөн жалгызын кесепет-кырсыктан сактайм, тукумумду улачу тумарым болсун деп, элден безип, тоо арасын түнөк кылып, көчүп кетет.
Коюучу топ:
Режиссер-коюучу – Н.Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти
Сүрөтчү-коюучу – С.Ниязакунов
Музыкалаштырган – Ы.Усманов
Балетмейстер – Ж.Исакова
Поэтикалык текст – Н.Рыскул кызы
Костюм боюнча сүрөтчү – З.Мукамбетова
Режиссердун ассистенти – Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты
Режиссердун жардамчысы – Э.Жумалиева
Карагул— Ж. Талантбек уулу
Карыпбай — А. Болорбек уулу
Сырга — А. Кыйыкбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти
Шаа мүйүз — Г. Каныметова, КРнын эл артисти
Сынык мүйүз — Ж. Сыдыкбаева, КРнын эл артисти
1-улак — Ө. Израилов
2-улак — А. Шерикул уулу
3-улак — Б. Бейшенбаев
4-улак — Ж. Касейинов
Режиссёру — Н. Мендебаиров, КРнын эмгек сиңирген артисти
Кирүү билетинин баасы (стоимость входного билета): 300 сом
Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры
Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Абдумомунов 230
Телефон аркылуу маалымат алуу (справки по тел): + 996 (312) 660 590, + 996 (707) 641 719
E-mail: [email protected]
Все материалы сайта TICKET.KG являются объектами авторского права (в том числе дизайн). Запрещается копирование, распространение (в том числе путем копирования на другие сайты и ресурсы в Интернете) или любое иное использование информации и объектов без предварительного согласия правообладателя.
