Расписание
Описание
25-сентябрь, саат 18:30
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раевдин «Арал. Жалгыздык сонатасы» аттуу метафизикалык драмасы.
Режиссёру: Барзу Абдураззоков
Акыр заман көз алдында турганда да адам жашоо үчүн эмес, өткөн өмүрүнүн кичинекей үзүмү үчүн күрөшөт. Кыямат-кайым менен кошуна жашагандай, аны күнүмдүк турмуштун кадимки көрүнүшү катары кабыл алып жашайт.
Бүткүл дүйнөлүк топон суудан кийин бир үй-бүлө кургак жерге — аралга туш болот. Бирок суу улам көтөрүлүп, улам көбөйө берет. Алар өздөрү менен кошо өткөн-кеткен таарынычтарын, бири-бирин уга билбеген сокурлугун, ич ара түшүнбөстүктөрүн да ала келишет.
Бири-бирин сүйүп, колдоп жашоонун ордуна, аралдын мейкиндигин эскерүүлөргө, коркууларга, үмүттөргө, кыялдарга, өз чындыгын далилдөөгө жана күнөөлүүнү издөөгө толтурушат.
📍 Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры
Дареги: Чүй проспектиси, 184
