Ак-Мөөр
Купить билетРасписание
Описание
24 октябрь 17.00
Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры тартуулайт…
Ж. Каниметов. «Ак-Мөөр». Эки бөлүмдөн турган опера-дастан.
Акбар Рыскулов жазган опера-дастандын либреттосу эл арасында кеңири белгилүү болгон уламыштардын биринин негизинде жаралган. «Ак-Мөөр» сулуу Ак-Мөөр менен жөнөкөй жигит Болоттун кайгылуу сүйүү баянын баяндайт. Айлакер жана каардуу бай Жантай хандын арам ойлору менен кутумдары эки ашыктын өлүмүнө алып келет.
Чыгарма КРнын эмгек сиңирген артисти, режиссёр-коюучу Искендер Сартбаев тарабынан коюлуп, сценографиясын КРнын эл сүрөтчүсү, сүрөтчү-коюучу Маратбек Шарафидинов иштеп чыккан. Балетмейстер – Тилек Кийизбаев, хормейстер – КРнын эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев.
Дирижёрдук пультта – чыгарманын автору, КРнын эл артисти Жумакадыр Каниметов.
