Расписание
Описание
Кар баскан тоо капчыгайында мектеп автобусу из-суусуз жоголуп кеткенде, бул кайгылуу окуя үчүн жооптуу болгон — мас айдоочу жана анын жубайы — өздөрүн актап калуу үчүн күнөөнү уламыштагы Жез кемпирге оодарышат.
Алардын байыркы жин тууралуу калп жомогу бат эле чыныгы бута табат. Айылдын четинде РухСана аттуу иран тектүү кары дабагер жашайт. Ал бөтөн: жергиликтүү тилди билбейт, өзүнчө жүрөт, өз салт-жөрөлгөлөрүн карманат — мунун баары айыл элинин ага болгон шектенүүсүн эбактан бери күчөтүп келген.
Коркунучка алдырган эл жамандыкты “алып жүрүүчүнү” издеп жатканда, көрүүчү РухСананын чыныгы жүзүн тааныйт. Ал сыйкырчы эмес, ата-бабадан калган маданияттын сактоочусу. Кырсык болгон түнү ал коркунучту сезип, уктабай, ырым-жырым аткарган — бул сыйкыр эмес, балдардын амандыгы үчүн өз эне тилинде айтылган айласыз тилек-дуба эле.
Бул тасма -коомдук коркунуч тууралуу баян; анда чыныгы үрөй учурган нерсе жырткыч эмес, ксенофобия. Тилди түшүнбөө жана жат көрүнгөн салттар РухСананы эң ылайыктуу бутага айлантат. Өздөрүн жамандыкка каршы күрөшүп жатабыз деп ишенген айыл тургундары каарын күнөөсүз аялга төгүшөт; анын жалгыз “айыбы” — аны эч ким түшүнүүгө аракет кылбагандыгы.
ДҮЙНӨЛҮК ПРЕМЬЕРА BROADWAY КИНОТЕАТРЫ
ДАРЕГИ: АЗИЯ МОЛЛ, 3-КАБАТ
Ч. АЙТМАТОВ ПРОСПЕКТИСИ, 3 18:00 БАКАЙ БАНК ЗАЛ 11 ИЮНЬ
