Элес

Элес

Бесплатные билеты
Продолжительность: -

Расписание

08
июнь
понедельник
13:30

Описание

Калаа, 2020-жыл. Түнт мүнөздүү жаш келин күйөөсү менен кичинекей батирде жашайт. Анын тышкы дүйнө менен болгон жалгыз байланышы - интернет: ал өзүн коркунучтан обочолонтууга аракет кылат. Ал тынч, бир калыптагы жашоо өткөрөт. Анын таңы үй жыйноо, ысык чай ичүү жана жаңылыктарды окуу менен башталат. Бийкеч күйөөсү менен үн билдирүүлөрү аркылуу сүйлөшөт. Күндөр ушинтип өтө берет.
Бир күнү күйөөсү иш сапары менен кетип, кыз таптакыр жалгыз калат. Кийинки күндөрү ал үйүндө кызык өзгөрүүлөрдү байкай баштайт. Ар түнү ага апасынын арбагы түшүнө кирет. Үйдөгү айрым буюмдар жоголуп же башка нерселерге алмашып калгандай сезилет. Өзгөрүүлөр барган сайын күчөп, бул аны коркута баштайт.
Кыз арбактан өзүн жана күйөөсүн тынч коюусун жалдырайт. Бирок анын чындыгы түш менен аралашып кетет да, кайсынысы чындык, кайсынысы элес экенин айырмалай албай калат. Ал мунун баарын токтоткусу келет. Бирок анын батиринде чындыгында эмне болуп жатканын ал таптакыр билбейт… 

BROADWAY КИНОТЕАТРЫ
ДАРЕГИ: АЗИЯ МОЛЛ, 3-КАБАТ
Ч. АЙТМАТОВ ПРОСПЕКТИСИ, 3                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                         13:30 AVA залы 8 ИЮНЬ

Место проведения

Кинотеатр Broadway