Майрамбек Осмонов “Сиз уккан ыр”
Майрамбек Осмонов “Сиз уккан ыр”
Описание
1–2-январь күндөрү Филармониянын чоң залында КР Эл артисти Майрамбек Осмоновдун автордук концерти “Сиз уккан ыр” аталышы менен көрөрмандардын назарына тартууланат.
Концерттин аталышы айтып тургандай, бул кечеде эл арасында угулуп жүргөн, бирок башка ырчылар аткарып келген чыгармалардын автору болгон Майрамбек Осмонов өзү ырларын жандуу аткарууда сунуштайт. Иш-чара толугу менен жандуу үн менен коштолот.
Сахнада Талант Токомбаев КР Эл артисти Майрамбек Осмоновдун эки мыкты чыгармасын аткарат. Ошондой эле Акмарал Эркинбек кызы дагы эки ырды өзүнүн өзгөчө стилинде алып чыгат.
Концерт бою көрөрмандарды куйкум сөздөр, тамаша жана жайдары маанай коштоп турат. Аккордеон сүйүүчүлөр үчүн автор атайын жаңы чыгармаларды даярдоодо.
Мындан тышкары, Кубанычбек Ажыбаев “Өмүр сапары” жана “Атама” аттуу чыгармаларды элге сунуштайт.
Иш-чара филармониянын талабына ылайык 2 саатка созулат.
Эгер аккордеон менен мыкты ырдаган, бирок таанылбай жүргөн таланттар болсо, уюштуруучулар алар менен тааныштырууну кубануу менен кабыл алышат — “булактын көзүн ач” дегендей.
Концерттин максаты — көрөрмандарга жагымдуу маанай, жандуу аткаруунун ырахаты жана чыгармачылык энергия тартуулоо.
Бардыгыңызды концертке чакырабыз!
Байланыш үчүн: 0 772 462 046
Место проведения
Кыргызская Государственная Филармония им. Т.Сатылганова
Адрес: Проспект Чуй, 251